Шрифт:
Географиялык жайгашуусу жана демография
Тилектеш айыл аймагы Ош облусунун Алай районунун түндүк-чыгыш тарабында жайгашкан. Аймактын аймагынан Жошолу, Аюу-Тапан, Жаңы-Турмуш, Тогуз-Булак, Кең-Жылга жана башка айылдар орун алган.

Аймактын географиялык өзгөчөлүгү — тоолуу рельеф, таза булак суулары, жайлоолор жана кең өрөөндөр. Климаты мелүүн, кышы катаал, жазы жана жайы салкын, таза абалуу.

Тилектеш айыл аймагы Кыргыз Республикасынын түштүк-батышында, Өзбекстан жана Тажикстан мамлекеттерине жакын, Ош облусунун борбору Ош шаарынан 120 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аймактын айланасында Алай, Кара-Кулжа райондору чек аралаш.
Административдик бирдик Айылдардын саны Жалпы аянты (га) Ири айылдар
Тилектеш айыл аймагы 12 ~57487 Аюу-Тапан, Жаңы-Турмуш, Тогуз-Булак
Демографиялык абал:
Аймакта 14 659 дөн ашуун адам жашайт . Калктын негизги бөлүгү кыргыздар, ошондой эле өзбек, тажик жана башка улуттар да бар.
Орточо үй-бүлө курамы: 5-7 адам.
Аймакта жаштардын жана балдардын үлүшү жогору, айыл тургундарынын көпчүлүгү айыл чарба жана мал чарбачылыгы менен алектенет.

Административдик борбору: Жаңы-Турмуш айылы.