Урматтуу Алай районунун тургундары жана кадырлуу коноктор!
Сиздерди Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана жеке өзүмдүн атымдан ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Курман айт — бул кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн жана боорукерликтин майрамы. Бул ыйык күнү элибиз дасторкон жайып, ак тилек, ачык маанай менен тосуп алат. Бул майрам ар бирибиздин жүрөгүбүздө келечекке болгон чоң ишенимди жана үмүттү жаратат.
Курман айт күнү тилеген бардык тилектерибиз кабыл болсун! Жараткан элибизди ар кандай кырсыктардан, жамандыктардан сактасын. Жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак жана биримдик болсун!
Сиздерге терең урматтоо менен,
Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким
Бапаев Чынгыз Арстанбекович.