2025-жылдын июль айында Алай райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында жетекчилердин жана айыл өкмөт башчыларынын катышуусунда кеңири аппараттык жыйын болуп өттү. Ага Тилектеш айыл өкмөтүнүн башчысы Кадырбек Мусабаев жана тийиштүү бөлүм башчылары да катышышты.
Жыйында бир катар маанилүү маселелер каралды:
🔹 Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын райондогу мыйзамсыз курулуштар боюнча жүргүзүп жаткан иштеринин абалы;
🔹 Мамлекеттик салык кызматынын Алай райондук башкармалыгынын республикалык жана жергиликтүү салык жыйымдарынын аткарылышы боюнча маалыматы;
🔹 Алай райондук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин ишмердүүлүгү жана КР Президентинин 2024-жылдын 25-мартындагы №81 Жарлыгы – “2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” аткарылышы;
🔹 Райондогу акушердик-гинекологиялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты, энелердин жана балдардын өлүмүнүн абалы;
🔹 КР Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы №79 Жарлыгы – “КР камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү жөнүндө” жана турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча иштердин жүрүшү.
Жыйын соңунда Алай районунун акими Чынгыз Бапаев бардык айтылган маселелер боюнча тиешелүү айыл өкмөт башчыларына жана мекеме жетекчилерине так тапшырмаларды берип, алардын мөөнөтүн жана жоопкерчилигин белгиледи.
Бул жыйын аймактагы мыйзамдуулукту сактоо, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана өнүгүүнүн приоритеттүү багыттарын тактоо максатын көздөдү.

