Шрифт:

2024-жылы жеке демөөрчүлөрдүн демилгеси жана каржылык колдоосу менен №29 К.Тайчабаров атындагы орто мектебинин аймагында заманбап спорт зал курулуп бүттү. Бул социалдык долбоордун алкагында мектеп окуучулары үчүн дене тарбия жана спорт менен машыгууга ыңгайлуу, бардык талаптарга жооп берген шарттар түзүлдү.

Спорт залдын курулушуна жалпы 20 миллион сом сарпталды, толук суммасы жеке демөөрчүлөр тарабынан каржыланды. Жаңы залда ар кандай спорттук секциялар, мелдештер жана мектеп аралык турнирлер өткөрүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар.

Бул демилге мектеп жамааты, ата-энелер жана жалпы айыл үчүн чоң кубаныч болуп, жаш муундун ден соолугун чыңдоого жана спорттук жетишкендиктерине өбөлгө түзөт.