Шрифт:

Аймактагы эң эски жана авариялык абалдагы №27 Ж.Алимов атындагы орто мектебинин ордуна заманбап, 275 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушу башталды. Долбоордун алкагында мектеп имаратынын биринчи этабы толук аяктап, учурда кийинки этаптагы курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

Жаңы мектеп окуучулар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап билим берүү шарттарын түзүп берүү максатында курулууда. Бардык курулуш иштери белгиленген графикке ылайык аткарылып, сапаты тиешелүү көзөмөлдө турат.

Бул демилге айылдагы билим берүү системасын чыңдоого, балдардын сапаттуу билим алуусуна жана жалпы айыл тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатууга өбөлгө болот деп күтүлүүдө.