Шрифт:

№26 А.Бекташов атындагы орто мектепте капиталдык ремонт иштери толугу менен аяктады. Курулуш жана оңдоо иштерине жалпы 32 миллион сом республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, мектептин имараты заманбап талаптарга жооп берген деңгээлде оңдолду.

Капиталдык ремонттун алкагында мектептин чатырынан баштап, ички жана тышкы жасалгасы, терезе-эшиктер, жылытуу, жарыктандыруу жана санитардык-гигиеналык түйүндөр толугу менен жаңыланды. Ошондой эле, окуу кааналары заманбап эмерек жана жабдуулар менен камсыздалды.

Бул демилге мектеп жамааты, окуучулар жана ата-энелер үчүн чоң кубаныч болуп, сапаттуу билим берүү үчүн эң жакшы шарттарды түздү.