Шрифт:

Тогуз-Булак айылында спорт зал куруу

2024-жылы Тогуз-Булак айылында заманбап спорт залдын курулушу жеке демөөрчүнүн колдоосу менен башталган. Бул ири социалдык объект жаштарды спортко тартуу, ден соолукту чыңдоо жана айылда спорттук иш-чараларды өткөрүү максатында курулууда. Курулуштун жалпы суммасы — 20 миллион сомду түздү. Учурда курулуш иштеринин 95% толугу менен бүткөрүлүп, спорт залдын имаратынын сырткы жасалгалоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат. […]

№26 А.Бекташов атындагы мектепте капиталдык ремонт

№26 А.Бекташов атындагы орто мектепте капиталдык ремонт иштери толугу менен аяктады. Курулуш жана оңдоо иштерине жалпы 32 миллион сом республикалык бюджеттен каражат бөлүнүп, мектептин имараты заманбап талаптарга жооп берген деңгээлде оңдолду. Капиталдык ремонттун алкагында мектептин чатырынан баштап, ички жана тышкы жасалгасы, терезе-эшиктер, жылытуу, жарыктандыруу жана санитардык-гигиеналык түйүндөр толугу менен жаңыланды. Ошондой эле, окуу кааналары заманбап […]

№27 Ж.Алимов атындагы орто мектебинде жаңы мектептин курулушу

Аймактагы эң эски жана авариялык абалдагы №27 Ж.Алимов атындагы орто мектебинин ордуна заманбап, 275 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектептин курулушу башталды. Долбоордун алкагында мектеп имаратынын биринчи этабы толук аяктап, учурда кийинки этаптагы курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Жаңы мектеп окуучулар үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап билим берүү шарттарын түзүп берүү максатында курулууда. Бардык курулуш иштери белгиленген […]

№29 К.Тайчабаров атындагы орто мектебинде спорт зал куруу

2024-жылы жеке демөөрчүлөрдүн демилгеси жана каржылык колдоосу менен №29 К.Тайчабаров атындагы орто мектебинин аймагында заманбап спорт зал курулуп бүттү. Бул социалдык долбоордун алкагында мектеп окуучулары үчүн дене тарбия жана спорт менен машыгууга ыңгайлуу, бардык талаптарга жооп берген шарттар түзүлдү. Спорт залдын курулушуна жалпы 20 миллион сом сарпталды, толук суммасы жеке демөөрчүлөр тарабынан каржыланды. Жаңы залда […]

Миязды айылында күрөш залынын курулушу

2024-жылы Миязды айылында жаңы, заманбап күрөш залынын курулушу толук аяктады. Бул ири социалдык долбоор жергиликтүү жаштарды ден соолукта чоңойтуп, спортко тартуу, улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү максатында ишке ашырылды. Күрөш залынын курулушу үч каржылоо булагы аркылуу камсыздалды: Жаңы спорттук залда балдар жана жаштар үчүн спорттук секциялар, машыгуу залдары уюштурулуп, турнирлерди жана мелдештерди өткөрүүгө бардык шарттар түзүлдү. […]

Айылдын социалдык инфраструктурасын көтөрүү боюнча долбоорлор

Долбоор жөнүндө толук маалымат: Айыл аймагыбызда социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана тургундардын жашоо шартын жакшыртуу максатында бир катар долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. Бул демилгелер Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен жүргүзүлүп жатат. Аталган долбоорлор төмөнкү багыттарды камтыйт: Бул долбоорлордун ар бири айыл тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга, социалдык жана экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошот. Ошондой эле, мындай демилгелер […]

Бүткүл Дүйнөлүк Бириккен Улуттар Уюмунун “Эмгек үчүн азык-түлүк” программасынын долбоорлору

Долбоор тууралуу толук маалымат: Бүткүл Дүйнөлүк Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) “Эмгек үчүн азык-түлүк” программасынын алкагында биздин айыл аймагында бир катар маанилүү долбоорлор жүзөгө ашырылууда. Бул долбоорлордун негизги максаты — жергиликтүү калкты убактылуу жумуш орундары менен камсыздоо жана инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле айыл чарба жана коомдук турмушту колдоо болуп саналат. Программа алкагында ишке ашкан долбоорлор: Ар […]