2024-жылы Миязды айылында жаңы, заманбап күрөш залынын курулушу толук аяктады. Бул ири социалдык долбоор жергиликтүү жаштарды ден соолукта чоңойтуп, спортко тартуу, улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү максатында ишке ашырылды.
Күрөш залынын курулушу үч каржылоо булагы аркылуу камсыздалды:
- Райондук өнүктүрүү фондунан — 1 200 000 (бир миллион эки жүз миң) сом
- Айыл өкмөтүнөн — 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом
- Калган чыгымдар — жеке демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жабылды
Жаңы спорттук залда балдар жана жаштар үчүн спорттук секциялар, машыгуу залдары уюштурулуп, турнирлерди жана мелдештерди өткөрүүгө бардык шарттар түзүлдү.
Долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууда айыл өкмөтү, райондук администрация жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн салымы чоң болду. Бул зал Миязды айылынын жаштары үчүн ден соолукту чыңдоо жана спорт аркылуу жетишкендиктерге жол ачкан маанилүү социалдык объект болуп калды.

