2024-жылы Тогуз-Булак айылында заманбап спорт залдын курулушу жеке демөөрчүнүн колдоосу менен башталган. Бул ири социалдык объект жаштарды спортко тартуу, ден соолукту чыңдоо жана айылда спорттук иш-чараларды өткөрүү максатында курулууда.
Курулуштун жалпы суммасы — 20 миллион сомду түздү. Учурда курулуш иштеринин 95% толугу менен бүткөрүлүп, спорт залдын имаратынын сырткы жасалгалоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүп жатат.
Бул демилге айыл жаштары үчүн спорт менен машыгууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, айылдын социалдык жана маданий жашоосуна чоң салым кошот деп күтүлүүдө.
