2024-жылдын жай айларында Аюу-Тапан айылынын тургундарынын активдүү демилгеси жана салымы менен айылда маанилүү чарбалык көпүрө курулду. Долбоордун жалпы суммасы 1,5 миллион сомду түзүп, курулуш иштери толугу менен элдин катышуусу жана демөөрчүлүк негизде ишке ашты.
Айыл өкмөтү бул демилгени толук колдоп, зарыл болгон техниканы жана күйүүчү майды камсыздап, курулуш иштеринин үзгүлтүксүз жүрүшүнө шарт түздү. Жаңы көпүрө айыл ичиндеги транспорт жана чарбалык байланыштарды жакшыртып, тургундардын күнүмдүк жашоосуна чоң жеңилдик алып келди.
Бул иш-чара айылда өз ара жардамдашуу, ынтымак жана жигердүүлүк маданиятын чыңдоого салым кошуп, жергиликтүү жашоочулардын активдүү жарандык позициясынын ачык мисалы болду.

