Шрифт:

2024-жылы Аюу-Тапан айылынын Өрүктү участкасында жашоочулардын демилгеси жана активдүү катышуусу менен 500 метрлик таза суу түтүк системасы ийгиликтүү тартылды. Бул долбоордун негизинде аймактын калкынын жашоо сапаты жакшырды жана күнүмдүк турмушунда чоң жеңилдик пайда болду.

Аталган иш-чара өз ара жардамдашуу, ынтымак жана биримдик маданиятын дагы да бекемдеди. Жергиликтүү жашоочулар баш болуп, өз салымдарын кошуп, таза суу маселесин коомдук негизде чечүүгө жетишти. Бул — айылдагы жарандардын жигердүүлүгү жана биргеликте иш кылууга болгон даярдыгынын ачык мисалы болду.