Тилектеш айыл өкмөтү Бүткүл Дүйнөлүк Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) “Эмгек үчүн азык-түлүк” программасынын алкагында бир нече социалдык жана инфраструктуралык багыттагы долбоорлорду ишке ашырууда.
Бул программа жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылуу менен катар, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган. Аталган долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу аймактын инфраструктурасы өнүгүп, тургундардын жашоо шарттары жакшырууда.
📌 Азыркы учурда айыл аймак боюнча төмөнкүдөй иштер жүргүзүлүүдө:
🔹 Айыл ичиндеги чарбалык жолдорго шагыл төгүү
🔹 Селден коргоочу дамбалардын курулушу
🔹 Ички арыктарды тазалоо жана ирригациялык система менен камсыз кылуу
🔹 Коомдук жайларды көрктөндүрүү
🔹 Кооптуу тилкелерге габион торчолорду орнотуу
Ар бир долбоорго жергиликтүү тургундар тартылып, аткарылган жумуштун ордуна азык-түлүк түрүндө компенсация берилүүдө. Бул демилге аймакта жумушсуздукту азайтууга жана турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган.
Тилектеш айыл өкмөтү БУУга жана өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, бул сыяктуу программалар мындан ары да улантыларын маалымдайт.

