2025-жылдын 1-июнунда, Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата, Алай районунун аймагындагы ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаш өспүрүмдөргө атайын көңүл бурулуп, жеринде кабар алынып, белек-бечкектер тапшырылды.
Иш-чарага Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Алтынбек Болбур уулу, райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Батина Токобаева жана тиешелүү кызматкерлер, ошондой эле Тилектеш айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү катышышты.
Мындай иш-чаралар айыл өкмөтүнүн социалдык багыттагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири болуп, аймактагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коомго интеграциясына, көңүл бурууга жана колдоого алууга багытталган.
Тилектеш айыл өкмөтү бул иш-чараны жыл сайын өткөрүп туруу менен ар бир баланын укугун коргоого жана жашоо сапатын жакшыртууга салым кошууну улантат.

